www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунда 1-июлда жол кырсыктан 1 адам каза болуп, 6 киши жабыркады. Бул тууралуу облустун Жол кыймылынын копсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Жол кырсык Ош – Раззаков жолунун 20-чакырымында болгон. Daewoo Nexia’нын 20 жаштагы З.Я. аттуу айдоочусу унааны башкара албай калып Hyundai Porter менен кагылышкан. Hyundai Porter’ди 45 жаштагы жаран (А.И.) башкарып бараткан.

Жол кырсыгынан Daewoo Nexia’нын 20 жаштагы жүргүнчүсү окуя жеринде көз жумган. Унаанын айдоочусу З.Я., 16 жаштагы А.Т., 21 жаштагы М.А. жана 19 жаштагы И.Ж. аттуу жүргүнчүлөр Ноокаттагы оорууканага жеткирилген.

Ошондой эле Hyundai Porter’дин айдоочусу А.И. жана 16 жаштагы жүргүнчү М.М. да ооруканага кайрылган.

Последние новости