www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош—Сара-Таш—Эркеч-Там унаа жолундагы кырсыктан Кара-Кулжа жана Алай райондорунун 3 тургуну каза болду. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн үгүт жана үндөө боюнча тескөөчүсү Замир Бакыев NazarNews маалымат агенттигине билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык 20-сентябрда саат 17:00 чамасында унаа жолдун 20-чакырымында, тактап айтканда, Каратай айылында катталган. Анда Алай районунун Чыйырчык жайлоосунан Ош шаарын көздөй 6 жүргүнчү менен бара жаткан “Хонда Фит” үлгүсүндөгү унаа каршы тилкеге чыгып, өз жолунда келе жаткан жүк ташыган унаа менен кагышкан.
Жол кырсыктын кесепетинен “Хонда Фиттин” айдоочусу жана анын эки жүргүнчүсү окуя болгон жерде көз жумган. Каза болгондордун үчөө тең студент кыздар. Алардын өздүгү такталып, экөө Кара-Кулжа районунун, бирөө Алай районунун тургуну экени аныкталды. Ал эми 3 жүргүнчү жаракат алып, Ош облустук аралык бириккен клиникалык ооруканасына жеткирилди.
Окуя болгон күнү түшкү тамактануудан кийин айдоочу кыз 3 группалашы, иниси жана анын досу менен Чыйырчык жайлоосуна эс алганы барышып, келе жатышканда жол кырсыкка учурашкан.
Булак: NazarNews.kg