www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында Баткен облусунда болуп өткөн окуяларга байланыштуу 2022-жылдын аягына чейин бардык майрамдык иш-чараларды токтотуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мындай чечим вице-мэр Венера Рыскулова, шаардык кызматтардын жана муниципалдык органдардын жетекчилери менен өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн жумушчу жыйында кабыл алынды.

«Биздин жүрөгүбүздө Баткен окуясынын оорусу али басыла элек. Ошондуктан бул күндөрү иш-чараларды өткөрүү туура эмес болуп калат. Жыл аягына чейин бардык салтанаттуу, майрамдык, маданий иш-чараларды жокко чыгаруу зарыл деп эсептейм», — деди Венера Рыскулова.

Ошондой эле жеке уюмдарга жана фирмаларга майрамдык иш-чараларды өткөрүүдөн баш тартуу сунушталат

Булак: NazarNews.kg

Последние новости