www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Санкт-Петербургдагы аскер комиссариаты Казакстандын 31 жаштагы жаранына мобилизациялык чакыруу кагазын жибергенин Орусиянын аймактык 47news басылмасы билдирди.

Казакстандык жаранга чакыруу 2-октябрда келген. Чакыруу баракчасына Александров деген фамилиялуу аскер комиссары кол коюп, мөөр басылган. Анда алар 3-октябрь күнү эртең менен аскер комиссариатына келүүнү талап кылышкан.

Казакстандык паспортун көрсөткөнүнө карабай, «Казакстандын жараны» деген белги менен чакыруу кагазы тапшырылган.

Жергиликтүү аскер комиссариаты басылмага чакыруу кагазы "жаңылыш" болушу мүмкүн экенин түшүндүрдү, бирок алар казак жаранына текшерүү үчүн келип кетүүнү сунушташкан. «Анын корко турган эч нерсеси жок, аны эч ким алып кетпейт», - деп баса белгилешти аскер комиссариатынан.

Ошондой эле, казак жараны Казакстандын дипломатиялык өкүлчүлүгү менен байланышканда, ага консулга кабарлоону убада кылышкан.

Георгий аттуу казакстандык журналисттер менен болгон маегинде 2017-жылы Орусияда жашап турууга уруксат алганын айткан. Ал мындан тогуз жыл мурун Санкт-Петербургга окууга келип, андан кийин иштеп калган. Ал буга чейин Орусиянын жарандыгын алган мекендеши менен турмуш курган. Казакстандык аскер кафедрасында окуган да, орус армиясында кызмат өтөгөн да эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости