www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-июлда Ош облусундагы селдин кесепеттерин жоюуга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 379 куткаруучу жана 44 техника тартылды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда облустун Кара-Суу районунда 370 куткаруучу 15 инженердик, 24 атайын техника жана 19 мотопомпа менен селдин калдыктарын тазалоодо. Ал эми Ош шаарында 25 куткаруучу 5 инженердик техника менен иш алып барууда.

Белгилей кетсек, 16-июль күнү Кара-Суу районунда суу кирген 718 турак үйдүн 602си тазаланып бүттү.

Ош шаарынын Төлөйкөн жана Жапалак айыл аймактарында 183 турак үйгө, 2 социалдык объектиге,10 эс алуу жайына жана борбордук базардын 785 соода түйүнүн сел суусу кирген. Күн мурун жалпы 168 турак жай, 2 соцобъект тазаланып, 140м/куб сел калдыктары чыгарылды жана 9 миң чарчы метр аянт зыянсыздандырылды.

Селдин кесепеттерин жоюуга жергиликтүү тургундар, соодагерлер жана Жарандык коргонуу кызматтары да иш алып барышты.

Маселен Ошто 181 жумушчу, 9 инженердик техника, Кара-Сууга 491 кызматкер тартылган.

Кошумча маалымат берилет.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости