www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оштогу сел: Президент көңүл айтты

Садыр Жапаров кезектеги маегинде 14-июль күнү Ошто сел агызып кетип каза болгон жарандардын жакындарына көңүл айтты. 

Ал дүйнөлүк державалар дагы табияттын кырсыктарына туруштук бере албай жатканын белгилеп, Кыргызстан селдин алдын алуучу курулуш иштерин баштагандыгын кабарлады.

«Мурда курулуш иштерин жүргүзчү техникалардын баары тээ 90-жылдардагы эскилиги жеткен техникалар болчу. Өзгөчө кырдаал министрлигинин кызматкерлери техникаларды минбей эле, техникалар өзгөчө кырдаалдардын кызматкерлерин минип калган. Курулуш иштери, алдын алуу иштери дээрлик жүрбөй калган», — дейт ал. 

Селден жабыркагандарга жардам көрсөтүлөт. Өлкө башчысы элди турак жайды камсыздандырууга чакырды. 

«Камсыздандырылган үй болсо селденби, жер титирөөдөнбү, өрттөн же табияттын башка кырсыгынан жабыркап калса, мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы тез арада толук ордуна тургузуп берет эле», — дейт Садыр Жапаров.

Белгилей кетсек, 14-июлда Ош шаарында жана облустун бир нече айылдарында катуу сел жүрдү. Ал 800гө жакын үйгө кирип, 8ден ашык көпүрөнү жана бир катар социалдык мекемелерге зыян келтирген. Сел калаанын башкы базары аркылуу өтүп, ишкерлердин товарларын агызып кеткен.

Кырсыкта 5 киши көз жумду. Алардын төртөөнү сөөгүн Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Анжиян облусунун аймагынан таап, Кыргызстанга өткөрүп берди.

Последние новости