www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук малекеттик комитети Камчыбек Ташиевдин атына жамынып, көйгөйлөрүн чечип берүүнү убада кылгандарга ишенбөөгө чакырат.

Атайын кызмат акыркы мезгилде айрым белгилүү блогерлер жана интернет активисттери тарабынан абийирсиз иш-аракеттердин фактылары байкалып жатканын билдирет. Тактап айтканда, алар Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин атын жамынып, материалдык сый акы үчүн жарандардын ар кандай маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүүнү убада кылышууда.

"УКМК төрагасы жүргүзүлүп жаткан иштин алкагында УКМКнын кабылдамасына берилген жарандардын арыздарын жана кайрылууларын, ошондой эле Мамлекеттик комитеттин электрондук почтасын "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" КР Мыйзамынын ченемдерине ылайык карай тургандыгын баса белгилейт", - деп айтылат маалыматта.

Буга байланыштуу УКМК ар кандай инсинуацияларга жана абийирсиз адамдар тарабынан алдамчылык фактыларына жол бербөө максатында коомчулукту билип туруп мыйзамсыз аракеттерди колдонбоого, мыйзамда белгиленген тартипте УКМКнын дарегине кайрылууга чакырат.

УКМК төрагасы менен тааныштыка жана башка байланышка жамынган адамдар тарабынан алдамчылык аракеттерден жабыр тарткан жарандарды 0-312-62-05-85 номерине кайрылууга чакырабыз.

Последние новости