www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 10-ноябрда Ош шаарынын А.Сүйүмбаев атындагы борбордук стадионунда Оштун “Алай” клубу менен Бишкектин “Алга” клубунун беттеши өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун акыркы эсеби 1:0 эсебинде талаа ээлеринин пайдасына аяктады. Бул жолугушууда жалгыз голду "Алай" футболдук клубунун жарым коргоочусу Бахтияр Дүйшөбеков киргизди.

Беттеш аяктагандан кийин Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов чыгып, жалпы жыйынтыкка ар бир оюнчунун, машыктыруучулардын салымын белгилеп, куттуктады.

Белгилей кетсек, “Алай” ФК бүгүнкү оюндан кийин 50 упай топтоп, турнирдик таблицада 2-орунга чыгып жатат. Эми “Алай” 2023-жылкы АФК кубогунда Кыргызстандын намысын коргойт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости