www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нейрохирург Эбен Александр инфекциядан улам бир нече күн комада жатып, ал жерде түрдүү көрүнүштөрдү көргөн. Ошондон кийин ал киши бейиштин бар экенинен күмөн санабаганын айткан, деп жазат британиялык The Sun басылмасы.

Бир нече жыл мурун аталган жаран курч бактериялык инфекцияга чалдыккан. Эбендин абалы кескин начарлап кеткендиктен, дарыгерлер аны жасалма комага салууга аргасыз болушкан. Бир нече күндөн кийин бейтап айыгып, анын колун кармап, идеалдуу дүйнөгө алып барган аялды көргөнүн айтты. Америкалыктын айтымында, бул өлүмдөн кийинки жашоо бар экенин көрсөтүп турат.

Дарыгерлер Александрдын көргөндөрү галлюцинация же түш болушу мүмкүн эмес деп эсептешет. Нейрохирург журналисттерге алгач караңгыга түшкөнүн, бирок коркуу сезимин сезбегенин айтты. Бир нече мүнөттөн кийин, ак жарык караңгыны тешип, Эбен укмуштуудай кооз музыканы уккан.

Америкалыкты аркы дүйнөгө эч нерсе дебеген, бирок жылуу жылмаюу, мээримдүү көздөрү бар аял коштоп жүргөн. Сапарда ал кандайдыр бир кудай сымалга жолугуп, бирок аны тааный алган эмес.

Эксперттердин айтымында, бул көрүнүштөр адам өлүм алдында тургандагы мээнин иштеши менен байланыштуу.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости