www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирандын Аэрокосмос күчтөрүнүн командачысы Амир Али Хажизаде өз өлкөсү добуштан ылдам баллистикалык ракета жасаганын билдирди.

Tasnim агенттиги анын сөздөрүнө таянып жазганына караганда, ракета жер атмосферасынын астында да, үстүндө да маневр жасай алат. Абадан коргонуунун заманбап түзүмдөрүн буйтап өтүүгө жөндөмдүү.

Бирок ракетанын сыноодон өткөн же өтпөгөнү тууралуу маалымат жоктугун Reuters кабарлады. Батыштык аскерий аналитиктердин пикиринде, Иран “кээде курал жаатындагы мүмкүнчүлүктөрүн көбүртүп-жабыртып жиберет”.

Мындай ракеталарды Орусия, Кытай сынаган. Түндүк Корея да сынаган болушу мүмкүн. Австралия, Улуу Британия жана Франция дагы добуштан ылдам куралдарды жасоо пландарын жарыялашкан.

Ноябрдын башында Иран 80 килограммга чейинки салмактагы спутниктерди жер бетинен 500 чакырым бийиктиктеги орбитага учурууга жөндөмдүү үч баскычтуу Ghaem 100 космостук ракетасын сынаганын билдирген.

АКШ Ирандын аракеттерин “бейпилдикти бузуу” деп атаган. Вашингтон Ghaem 100 өзөктүк дүрмөт алып жүрүү үчүн да колдонулушу мүмкүн деп кооптонууда. Тегеран мындай ниеттерди четке кагууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости