www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID), Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрликтери биргеликте Баткен, Жалал-Абад, Чүй облустарында жана борбордо эмдөө көлөмүн жогорулатуу боюнча иш алып барышат. Бул тууралуу Американын Бишкектеги элчилиги билдирди.

Иш-чараларга медициналык адистерди окутуу, жергиликтүү коомчулуктун активисттерин тартуу жана COVID-19га каршы эмдөөнүн артыкчылыктары тууралуу коомчулукка маалымат берүү боюнча кампанияларды өткөрүү камтылары такталган. Бул иш-чаралар 10-ноябрда Кыргызстандын COVID-19га каршы аракеттерине арналган өнөктөштүк жыйындын негизги темасы болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө USAID эпидемиологиялык маалыматтарды, саламаттыкты сактоо тармагындагы адам ресурстарын башкаруунун ийгиликтүү стратегияларын, коомчулуктарды COVID-19 инфекциясынын жайылышын алдын алууга тартуу жана вакцинацияны көбөйтүүнү сунуштады.

Буга чейин Чүй облусунун үч районунда калкты эмдөө жана мобилизациялоо боюнча ЮСАИДдин колдоосу менен жүргүзүлгөн маалымат кампаниясы эмдөө менен камтууну 8 пайызга жогорулатууга мүмкүндүк берген. Ушундай эле иш-чараларды Баткен, Жалал-Абад, Чүй облустарында, ошондой эле эмдөө деңгээли төмөн Бишкек шаарында да өткөрүү пландалууда. Негизги максат – кыргызстандыктардын ден соолугуна коркунуч туудурган COVID-19 вирусунун жаңы түрлөрүнүн пайда болушуна жол бербөө.

АКШ менен Кыргызстандын COVID-19га каршы күрөшүү боюнча кызматташтыгынын алкагында 4000ден ашык дарыгерлер, лаборанттар жана башка адистер COVID-19 диагнозун коюу, алдын алуу жана дарылоо боюнча окуудан өтүштү, деп билдирди USAIDдин Саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Ниша Гупта. USAID ошондой эле медициналык мекемелердин COVID-19 менен гана эмес, башка жугуштуу оорулар менен күрөшүүдөгү ишин күчөтүү үчүн 1,4 миллион долларлык жабдууларды берди.

Пандемия башталгандан бери USAID Кыргызстанга COVID-19 менен күрөшүү үчүн жалпысынан 10 миллион доллардан ашык каражат бөлгөн. АКШ ошондой эле COVAX мекемеси аркылуу Pfizer-BioNTech вакцинасынын 450 000 дозасын берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости