www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
10-сентябрь күнү Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев Кара-Суу районунун борборунан 30 чакырым, айыл өкмөт борборунан 40 чакырым алыстыкта жайгашкан аталган райондун Ак-Буура 1, 2, 3, 4 айылдарынын калкы менен жолугушту.
Ош шаарына чектеш жайгашкан бул айылдарда жылпысы эки миңдей кожолук жашайт, бирок кээ бир айылдан 10, калгандарынан 100-200дөй гана адам катталган. Мындан сырткары бир да социалдык объект курула элек. Бир гана жеке бала бакча иштейт, окуучулар шаардык мектептерге барып-келип окушат.
Өкүл Узарбек Жылкыбаев Кара-Суу районунун акимине жана айыл өкмөт башчысына кийинки жылы болуучу эл каттоо иш чарасын күтпөй, ушул жылы эле санариптештирүү программасынын алкагында көчмө топ менен жашаган аймакка эл каттоону бүтүрүү тапшырмасын берди. Анткени жергиликтүү бюджеттен тийиштүү каржыны бөлүү үчүн катталган жашоочулардын санынын аздыгы жолтоо болуп келген. Таза суу 2 айылга көйгөй жаратат. Ошого азырынча өкүл казуу иштерине резервдик фонддон 150 миң сом каражат бөлүп, аягына чыгаруу ишин жаңыдан шайланган айыл өкмөткө тапшырды. Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов Ак-Буура 3 айылына футбол аянтчасын куруп берүүгө убада кылды. Эң башкы көйгөй – Ак-Буура 4 айылы, бул айыл Ош шаары менен болгону 50 метр аралыктан чектешет жана көпүрө да бар. Бирок, шаар тургундары үйлөрүн чаңытаарын айтып айыл тургундарына көчөдөн өтүүгө тыюу салган. Атайын таш тосмолор да бар. Ушул көйгөйдү чечүү үчүн учурда Ош шардык мэриясы менен сүйлөшүү иштери жүргүзүлүүдө.
Булак: "NazarNews.kg"