www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнүн өлтүрүлүшү боюнча шаар мэри Бакытбек Жетигенов укук коргоо органдарынын жетекчилери менен ыкчам жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мэр коомчулукта чоң нааразылык жараткан кылмышка өзгөчө көңүл буруу керектигин баса белгиледи.

«Мыйзамсыздыкты токтоткула. Бул чыныгы жырткычтык. Тиешелүү социалдык-профилактикалык иш-чараларды күчөтүү керек. Мыйзам сакталышы керек, бардык күнөөлүүлөр мыйзамдын чегинде катуу жазага тартылышы шарт. Мындай кылмыштуулук башка кайталанбашы керек», — деп белгиледи шаар башчы.

Эскерте кетсек, 13-январга караган түнү Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндө уюшкан кылмыштуу тобунун эки мүчөсү мыкаачылык менен сабалып, бирөө каза болгон. Өзгөчө оор кылмыштын уюштуруучусу делип кылмыш чөйрөсүндө “Женго” деген каймана ат менен таанымал болгон Кадыр Досонов кармалып, дагы үч жаран издөөгө алынган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости