www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун Кара-Суу районунун жашоочусу "Хизб ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун баш тартты. Бул тууралуу Ош ОИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу РИИБинин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери түшүндүрүү иштеринин алкагында, 50 жаштагы Р.Х. диний-экстремисттик уюмдун катарынан чыккандыгын жарыялады.

"Салттуу динибизди карманып, биздин коомго, үрп-адатка чоочун келген агымдардан баш тартып жана азыркы мезгилде мен сыяктуу адашып, радикалдык агымдарды тутунган, азгырылган жарандарды, айрыкча жаштарды туура жолдо жүрүүгө чакырып кетем", - деди ал.

Белгилей кетсек, буга чейин Кара-Суу районун 3 тургуну "Хизб ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунан баш тарткан.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости