www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БРИКСтеги чарбалык байланыштарда доллардан баш тартуу процесси күч алып жатат. Бул туурасында Россиянын президенти Владимир Путин билдирди.

Ал мамлекеттер аралык биримдиктин саммитинин алдында өтүп жаткан БРИКС ишкердик форумунун катышуучуларына онлайн кайрылды.

Россия лидеринин айтымында, өз ара эсептешүүлөрдү жана валюта-финансылык көзөмөл боюнча эффективдүү механизмдерди иштеп чыгуу боюнча чаралар көрүлүүдө.

“Мунун жыйынтыгы көрүнүп жатат. Өткөн жылы БРИКСтин алкагындагы экспорттук-импорттук операцияларда доллардын үлүшү азайып, болгону 28,7 пайызды түздү”, — деди Путин.

Россиянын президенти, мындан сырткары, төмөнкүлөрдү айтты:

Соңку 10 жылда БРИКС өлкөлөрүнүн өз ара капиталдык салымдары алты эсе жогорулады.

Россиянын БРИКСтеги өнөктөштөрү менен соода жүгүртүүсү 40,5%га көбөйүп, рекорддук 230 млрд. доллардан ашты.

Россия транспорттук-логистикалык агымын чет өлкөлүк ишенимдүү өнөктөштөрүнө, анын ичинде БРИКСтеги мамлекеттерге аткивдүү түрдө буруп жатат. Флагман долбоорлордун арасында — Түндүк деңиз жолу жана жаңы эл аралык “Түндүк — Түштүк” транспорттук коридору бар.

Россиянын алдындагы бардык милдеттемелер толугу менен аткарылган учурда гана РФ дан келишимине кайтууга даяр болот.

Россиянын Украинадан чыккан дандын ордун басууга чамасы жетет. Коммерциялык негизде да, муктаж өлкөлөргө кайтарымсыз жардам түрүндө да бере алат. Биринчи кадам катары Африкадагы алты өлкөгө 25-50 миң тоннадан буудай акысыз жеткирип бердик. Өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөр жыйынтыкталууда.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости