www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы акыркы окуялар боюнча оюн билдирди, Анын пикири акипресс.org сайтына чыкты.

Отунбаева Атамбаевге каршы тагылган айыптар адилеттүү жана мыйзам чегинде иликтениши керектигин билдирди. Ошондой эле, Атамбаевдин акыркы сөздөрүн жана Кой-Таш айылында болуп жаткан окуяларыы катуу сындады.

«Аялдардан, карылардан жана жаш жигиттерден айланасына чеп куруп алып, тергөө-иштөө үчүн келишсе, куралдуу каршылык көрсөтөм деп жатат. Муну өзү оппозициялык ишмердик жана жеке эрдик катары кабыл алууда.

Чындыгында бул анын саясий кудуретсиздигин жана адамдык жактан алсыздыгын көрсөтөт», — деди Отунбаева.

Отунбаева кошумчалагандай, азыркы бийликти «бакиевдики» деп атоо менен Атамбаев өзүн аймактарга бөлгүсү келгендигин айтты. Отунбаеванын бул сөздөрү эски таарынычыбы же чындык ушундайбы?

Дегенибиз Бишкекте өтүп жаткан Эгемендиктин 25 жылдыгына арналган салтанатта ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев сүйлөп жаткан учурда Роза Отунбаева аянттан кетип калды. Президент Алмазбек Атамбаев Убактылуу өкмөттүн Конституцияны өзгөртүүгө каршы чакырыгына токтолуп:

"Роза Исаковна, 2010-жылы Конституцияны кабыл алганда сиздин жаагыңызды парламент жапканы баарыбыздын эсибизде. Өлкөбүздө кандай баш аламандык эле. Убактылуу өкмөт Конституцияга өзгөртүү киргизүү менен президенттик мөөнөтүн узартат алат деп коркуп жатат. Анткени мындай көрүнүш 2010-жылдагы референдум учурунда болгон. Ар ким өзүнө карап иш кылат", - деп айткан.

Булак: Факты.kg

 

Последние новости