www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанга саясатчылардын тагдырын так айтып келе жаткан айтымчы, төлгөсү төп келген Света Тойгонбаеваны кабарчыбыз Нуриза Молдошова учурдагы саясат тууралуу NazarNews,kgге кайрадан кепке тартты.
--Света айым, учурда саясый кырдаал жакшы эмес, алгач тирешүүнүн башкы каарманы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден баштасак.
--Мурдагы президент Алмаз Атамбаевдин абалы өтө жакшы эмес. Коркуу сезими күч. Жандоочулары туура эмес кадамдарга түртүүдө. Тилекке каршы Атамбаевдин ызы-чууну токтотом деген түк ой жок. Анткени бул кишини кара энергия курчап алды. Албетте Атамбаевдин артында карапайым элдер турат. Тирешүү күч болот. Эгерде Жээнбеков менен Атамбаев бир ынтымакка келбесе, чоң ызы-чуу чыкканы турат. Атамбаевдин жанында колдогондор Жээнбеков менен Атамбаевдин ортосундагы ички мамилени түшүнгөн деле жок. Атамбаевдин ички сезиминде элдин кызыкчылыгы көрүнбөйт, жеке өч алуу күч. Алмаз Шаршенович акыйкаттыкты чындыкты айтып өлүп кете берем деген мааниде сүйлөп жатат. Сооронбай Жээнбековдо Атамбаевге карата жаман ой жок. Атамбаев үч жолу митинг кылат, үчүнчүсү жакшылыкка алып келбей кан төгүлөт. Эл Атамбаевге алданбашы керек, ал киши өтө жеңил ойлуу. Атамбаев элди ойлосо өзүнүн маселесин өзү чечиши керек. Атамбаев азыр камалбайт, бирок эл толкуйт, өзүн-өзү камакка түртөт анын бешенесинде түрмө бар.
PS: Бир нече мүнөттөрдөн кийин учурдагы КР Президенти Сооронбай Жээнбековду август айына чейин кандай кырдаал күтүп турат, дагы канча депутат эркиндик менен кош айтышат, окурмандарга сунуш кылабыз.
Света Тойгонбаеванын байланыш түйүнү: 0776 210 000
Нуриза Молдошова, NazarNews.kg