www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ал келинди же тагыраак айтканда, аялды мурда көргөн деле эмесмин. Кокусунан жолугуп, коркунучтуу болгон анын сүйлөгөн сөздөрүнө күбө болуп калдым. Мындай карасаң, өңү-башы татынакай жөнөкөй эле карапайым аял сыяктуу. Жашы канчада экенин да билбейм, сыягы, элүүлөрдөн өтүп калса керек. Анын жаман оору менен ооруганына бир топ эле убакыт болуп калыптыр. Териси денесине жабышып, бети ичкери кирип аябай кыйналганы, арыктаганы билинип турат. Бул айыкпас дарт акыры анын түбүнө жетээри бышык. Мындан айыгып кеткен дегеле бир дагы адамды көргөнүм жок. Оорулуулардын ал-акыбалын сураганы, көргөнү зыяратка барсаң, анын сообу дагы жакшы эмеспи. Аны тааныбасам да тааныган жакын санаалаш адамдарына кошулуп алып оорулуу аялга мен дагы зыяратка бардым.
Биз барсак керебетте жатыптыр, сыягы, төшөктөн тура албайт окшойт. Жанында жыйырманын тегерегиндеги бир кыз жүрөт каралашып, кызыбы же туугандарыбы билбейм. Аны менен бир топко сүйлөшүп отуруп калдык. Сөздөн сөз чыгып отуруп, ал өзүнүн ички ыймандай сырын чыгарып, болгонун болгондой жашырбай айтып берип жатты. Кез-кез көзүнөн жашын агызып ыйлап коёт.
- Албетте, бул оору мага жөн келген жок, мен аны билем. Жараткан Алла Таалам менин өткөн жашоомдогу жосунсуз жоруктарым үчүн жазалап жатат, ал көзүнүн жашын сүртүп алды. Биз аны дагы эмне айтаар экен деп унчукпастан күтүп калдык. Өткөн жа-шоосунда бир нерсе, күнөөлүү иш жасаганын билип турдук.
- Ооба, мени жазалаар киши жок, жалгыз гана Алла Таалам жазалай ал-мак. Ошол ишке ашканы жатат окшойт, ал бет аарчысы менен бетин бир сыйра сүртүнүп алды.
- Мен алда жаш болчумун. Калаадагы төрөт үйүндө медсестра болуп иштечүмүн. Ал жерде көп жыл иштедим, дээрлик пенсияга чыкканча ошол жакта иштеп жүрүп, анан минтип ооруп калбадымбы. Пенсияга чыгаарыма деле аз калган болчу, эми пенсияга чыга албай калдым. Шум ажал алып кетет окшойт... Биз бардыгыбыз эч сөз айтпастан анын айтканын тыңдап отура бердик.
- Мен ал төрөт үйүндө 2008-жылдан 2018-жылга чейин иштедим үзгүлтүксүз. Азыр мен бир нерсе айтсам, менин сөзүмдү уккандар чалкасынан кетет болуш керек. Ооба, мен ошондо ушунчалык жаман ишке барганымды билип, сезип турам. Мен иштеген төрөт үйүндө төрөгөндөр күнүнө үч-төрттөн, керек болсо кээ күндөрү сегиз-тогуз, атүгүл онго чейин жетип калгандар да болот. Медсестралардын биздин милдет жаңы төрөлгөн ымыркайларды эки-үчтөн көтөрүп алып жаңы төрөгөн энелерине жеткирип берип, алар эмизгенден кийин кайра бери жак-тагы кичине керебеттерине алып ке-лип жаткыруу. Ыйлаганда сооротуу, кыскасы, аларга бардык жагынан кам көрүү. Энеси төрөт үйүнөн биротоло чыгып кеткенче бул биздин ыйык милдет.
Албетте, бул ыйык милдетти аткарган кандай гана көп соопторго ээ болот. Аны мен кеңкелес кеч түшүнүп жатпаймынбы. Мен ал жакта жүргөндө сооп алмак тургай көп күнөөгө баттым. Кээ бир учурда ымыркайлар чуру-чуу түшүп ыйлап башташат, анда мен жашыраак болчумун. Ызы чудан тажай баштаганда өзүмчө жинденип, ымыркайлардын номурларынын бардыгын бириникин бирине алмаштырып таштачумун.
Өзүм эмне иштеп жатканымды дагы билчү эмесмин. Ошондо мени чоң шайтандар бийлеп, азгырып алды да. Жаңы төрөлгөн балдардын бери жактагы номурларын дароо эле алмаштыра берчүмүн. Келесоомун да, ошондон өзүмчө ырахат алчумун. Илгери бала кезде үйгө меймандар келсе, бут кийимдерин алмаштырып, аларды ызы-чуу кылып бери жактан ырахатка батып карап турчубуз. Ошол оорудан али арылбасам керек. Мен иштеген он жыл ичиндеги канчалаган гана жаңы төрөлгөн ымыркайлардын номурларын алмаштырдым. Ыйлап жаткан ымыркайларды жек көрчүмүн, сооротчу да эмесмин. Мени таң калтырган нерсе, бир дагы ата-эне өзүнүн балдары тууралуу ызы-чуу салып келген жок.
Ошол алмашкан боюнча кете беришчү. Мына эми Жаратканым ошондогу күнөөлөрүм үчүн мени кыйнап, оорутуп жазалап жатат. Ушул жылдары төрөлгөн балдардын ата-энесине кайрылып кетээр элем, балдарынын ДНКсын текшерип өздөрүнүн балдарын таап алышса. Албетте, мунун баарына жалгыз гана мен күнөөлүүмүн, ошолордон кечирим сурагым келет өлүм алдында...
Муну укканда төбө чачым тик тура, денем дүркүрөй, сөздөрүн акырына чейин укпай, чыдай албай сыртка чыгып кеттим. Тобо, элдин убал-сообунан коркпогон ушундай да таш боор аялдар болот экен да!
Булак: Шамбала