www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Утурумдук Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тегерегиндеги кырдаал боюнча билдирүү тараткан. Анда Алмазбек Атамбаевдин максаты - аймактык бөлүнүүчүлүктү күчөтүп, өлкөнү "өзүбүздүкүлөр" жана "чоочундар" деп бөлүү экендиги жазылган.

Буга байланыштуу Отунбаеванын пикирине Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков пикирин айткан.

"Роза Отунбаеваны урматтап, сыйлаган адаммын. Анын кайрылуусуна комментарий берүү мен үчүн оор, бирок ошондой болсо да айтышка туура келүүдө. Анын кайрылуусун толугу менен окуп чыктым, бирок толук канааттанган жокмун.

Себеби мындай нерселерди айтуудан мурун ага этияттык менен мамиле жасоо керек. Адамдын кемчилигин айткан соң анын ийгилигин да кошо айтуу туура болмок. Ал бийликтин алсыз, акыйкатсыз кадамдарын айтканда, азыркы күндөгү бийлик дагы ошол жолдо бара жаткан жокпу, ошондой кадамдар барбы, кошо айта кетсе кайрылуусу карапайым калкка толугу менен жооп бермек. Бүгүнкү күндө деле мурунку бийлик кетирген кадамдар болуп жаткан жокпу деген суроо жөнүндө бир сөз айтпаптыр.

Жок дегенде эле өзү сыйлаган мурунку ИИМ министри, азыркы депутат Зарылбек Рысалиевге болуп жаткан саясий куугунтук жөнүндө билсе, анын оозунан укса, Роза Исаковнанын кайрылуусу башкача болот беле деген ой калууда. Себеби андай кадамдар бүгүнкү күндө деле уланып жатат. Ошондуктан жарым-жартылай канааттандырды деп айтып жатам. Мурунку бийлик кетирген каталарды азыркы бийлик деле кетирип жатат. Бүгүнкү кыймыл-аракеттердин бардыгы эртең кылмыш аракеттерине айланарына эч ким күмөн санабаса деле болот", - дейт Момбеков.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости