www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги Ташкенттин Зангиата районундагы ковид-ооруканасында бейтаптар үчүн орундар жетишсиз болуп жатканы тууралуу маалыматтарды четке какты.

«Аталган медициналык жай эки миң бейтапка ылайыкташкан. Өлкө боюнча бардык ооруканаларда коронавирус менен ооруган үч миңге жакын бейтап жатат. Орундар жетишпей жатканы тууралуу билдирүүлөр чындыкка дал келбейт», - деди министрликтин өкүлү.

Белдгилей кетсек, буга чейин «Азаттыктын» өзбек кызматы менен байланышкан Ташкенттин тургуну күйөөсү аталган медициналык жайда жатканын, анда коронавирус жуктургандар үчүн бош орундар жок калганын билдирген.

«Бейтаптар чынында эле көп. Төрт кишиге ылайыкташкан палаталарга жети-сегизден бейтап жаткырылууда. Шарттары өтө начар», — деген аты-жөнүн жарыялабай эле коюуну өтүнгөн шаар тургуну.

Андан мурда Зангиата районундагы ооруканада коронавирустан дарыланып жаткан Өзбекстандын эл артисти Мирза Азизов да бейтаптардын көптүгүнө жана шарттардын начар экенине даттанып жатканы кабарланган. Ал апрелдин ортосунда 58 жаш курагында каза болду.

Зангиата районундагы COVID-ооруканасы жабык жай болгондуктан, журналситтерге тургундардын даттануулары боюнча комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Расмий маалыматтарга ылайык, Өзбекстанда COVID-19 жуктургандардын саны 90 миңге жакындап, 600дөн ашык бейтап каза болду.

Эске салсак, өткөн жумада Өзбекстанда коронавирус инфекциясын жуктургандар кескин көбөйүп, алты ай мурда жабылган COVID-ооруканалары кайра ачыла баштаганы кабарланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости