www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажик-өзбек чек арасында куралдуу кагылышуу болуп, жыйынтыгында өзбек чек арачылары Тажикстандын бир жаранын атып салышты.

Өзбекстандын Мамлекеттик чек араны коргоо комитетинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 15-апрелде өзбек чек арачылары Тажикстандан Өзбекстанга бир үйүр ири мүйүздүү малдын өтүп жатканын байкап, аларды Тажикстандын аймагына айдап өткөрө башташкан.

Ошол маалда Тажикстан тараптан үч киши чек арадан 50 метрдей ашып келип, аймак Тажикстанга таандык экенин жана малды мыйзамсыз айдап жаткандыктарын айтып чек арачыларга кыйкыра башташкан.

«Алар Тажикстандын аймагына кетүү тууралуу талапка баш ийбей, бычак жана таяктар менен өзбек чек арачыларына кол салышкан. Кол салууну токтотуу жана куралды тарттырып жибербөө максатында Өзбекстандын мыйзамына ылайык курал колдонулган. Жыйынтыгында тажик жарандарынын бири алган жараатынан каза болду. Берки экөө качып кетүүгө үлгүрүшкөн», – деп билдиришти мекемеден.

Өз кезегинде Тажикстан УКМКсынын Чек ара башкармалыгы өзбек чек арачыларынын айткандарын четке кагууда.

Тажик тарап окуя Тажикстандын аймагындагы жайытта болгонун билдирүүдө. Маалыматка караганда, эки өзбек чек арачысы Тажикстан аймагына болжол менен 100 метрдей кирип барып, малчыларды кармап кетишкен. Качан малчылар Тажикстандын аймагында жүргөндүктөрүн айтып, мыйзам бузуу тууралуу чек ара заставасынын башчысына кабарлай тургандыктарын билдиришкенде, өзбек чек арачыларынын биринин ачуусу келип, үч метр аралыктан тажик жарандарынын бирин атып жиберген.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости