www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын парламенти вакцинациядан баш тарткан кызматкерлерди иштен кетирүүгө мүмкүнчүлүк берген мыйзам долбоорун жактырды. Бул тууралуу 27-июлда вице-спикер Алишер Кадыров билдирди.

"Мындан ары эч кандай олуттуу себеби жок эмделүүдөн баш тарткан кызматкерди иштен алууга уруксат берилет", - деп жазды Кадыров өзүнүн Telegram-каналында.

Ал арада Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев дагы эмдөө жараянын тездетүү зарыл экенин белгиледи. Ал вакцина алгандар деле коронавируска чалдыгышы мүмкүн экенин кошумчалап, андай бейтаптар ооруканадан төрт күндө чыгарылып жатканын, ал эми эмделбегендер катуу ооруп жатканын билдирди.

Мирзиёев Өзбекстанда жакын арада орустардын "Спутник V" вакцинасы чыгарыларын кошумчалады. Ал айрым илимпоздор жана интеллектуалдар эмдөөгө тоскоолдук жаратып жатканына нааразы экенин айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости