www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-депутат жана кинорежиссёр Садык Шер-Нияз «Манастын уулу Семетей» фильминин айланасында айтылып жаткан сөздөргө өзүнүн жеке пикирин билдирди.

«Манастын уулу Семетей» фильми жөнүндө көптөгөн суроолор болуп кетти.

1. Эч бир чыгармачыл адамды тиги же бул теманы «тарт» же «тартпа» деп айтуу кыйын жана натуура деп эсептейм. Ар бир чыгарма автордун жеке жоопкерчилиги менен жасалат ошого жараша жыйынтыгы болот.

2. Чыгармачыл топ белсенип киришкенден кийин ийгилик каалагандан башка ылаажы жок. Мындай улуу темага колдон келген жардамды берели. Жыйынтыгы- Кудайдан жана авторлордон.

3. Чыгарма жакшы чыгып берсе мактанычыбыз болоор, болбой калса эл өзү эле унутуп коет.

Чыгарма кандай чыгаарын эч ким билбес ошондуктан жакшы тилек кылалы. Атүгүл акындардын акыны Байдылда бекеринен өзүнүн чыгармалары жөнүндө минтип жазбаган чыгаар:

Кээ бириң эл көңүлүн алаарсыңар,

Жүздөгөн жүрөктөрдө жанаарсыңар.

Кээ бириң өлүү түшкөн күчүккө окшоп,

Керексиз таштандыда калаарсыңар», - деп кошумчалаган Садык Шер-Нияз.

Белгилей кетсек, буга чейин продюсер Өмүрзак Төлөбеков «Манастын уулу Семетей» тасмасы тартылып жатканын айкан.

Анфын айтымында кино Кыргыз эл жазуучусу Жалил Садыковдун «Манастын уулу Семетей» пьесасы жана "Семетей" эпосунун негизинде тартылат

Бакай атанын ролун Темирлан Сманбеков, Жакыпты Эшенкул Барпиев, Каныкейди Альбина Имашова, Чыйырдыны Калича Сейдалиева ойноп жатат. Ал эми Семетейдин ролуна кастинг жыйынтыктала элек. Продюсер башкы каармандын чоңойгон кези тартылганга чейин ал тандалып бүтөрүн белгиледи.

Тасманын жаратуучулары төмөнкүлөр:

Режиссерлор — Дархан Кожохан, Эгемберди Бекболиев;

Сценарийин жазган жана продюсер — Өмүрзак Төлөбеков;

Башкы оператор — Айбек Жангазиев;

Креативдүү продюсер — Нурлан Мамакеев;

Аткаруучу продюсер — Жолдошбек Жанжигит;

Койгон сүрөтчү — Садыр Сагынбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости