www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан коронавирусту жеңди

Өзбекстан премьер-министринин орун басары Бехзод Мусаев өлкөдө коронавирус менен ооругандар дээрлик жок калганын билдирди.

«Саламаттыкты сактоо системасына көп акча бөлүндү жана бул сумма акыркы отуз жылда бөлүнгөндөн алда канча чоң. Бул оору үчүн зарыл болгон дары-дармектерди дүйнөнүн кайсы гана точкасы болбосун жеткиртип жаттык. Чет өлкөдөн адистер алынып келинди. Натыйжада Өзбекстанда коронавирус менен ооругандар дээрлик калган жок», –деди Мусаев.

Соңку расмий маалыматтар боюнча 19-декабрга карата, Өзбекстанда коронавирус менен ооругандардын саны 75 675 кишини түздү. Алардын ичинен 73 099у айыкты, 612и өмүр менен кош айтышты.

Өзбекстанда коронавирус боюнча статистикага илдети лабораториялык түрдө тастыкталган гана бейтаптар киргизилет. Ошол эле маалда пневмония менен ооругандар бул бул тизмеде жок.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости