www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда жергиликтүү вакцина сыналары жарыяланды

Казакстан QazCovid-in деп аталган коронавируска каршы жергиликтүү вакцинаны үч миң ыктыярчыга сыноону баштады. Бул тууралуу казак өкмөтүнүн сайты кабарлады.

Маалыматка караганда, Жамбыл облусундагы Биологиялык коопсуздук проблемалары илимий-иликтөө институту (ГЗИ) QazCovid-in вакцинасынын клиникалык сыноосунун 1-2 фазасын жүргүзгөн, вакцинанын эффективдүүлүгү 96% деп белгиленген.

Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин QazCovid-in вакинасы менен жапырт эмдөө 2021-жылы мартта башталарын билдирген.

Буга чейин Жамбыл облусунда наркы 7 млрд. теңгеге (16,5 млн долларга) бааланган коронавируска каршы казакстандык вакцина чыгара турган завод курула баштаганы айтылган. Ага ылайык, завод жылына 30-60 млн. доза өлчөмүндө коронавируска каршы вакцина өндүрмөкчү. Андан тышкары куш тумоосу, бруцеллез, дерматит сыяктуу илдеттерге каршы вакциналар чыгарылары айтылган.

Ошол эле маалда казак бийлиги Россиянын президенти Владимир Путин менен түзүлгөн келишимге ылайык, ушул жылдын 22-декабрында Казакстанда Россиянын «Sputnik V» вакцинасынын өндүрүшү башталарын да маалымдаган.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости