www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылы Катарда өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугун кабыл ала турган төртүнчү стадиондун ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, стадион Доха шаарына жакын Аль-Райян шаарында жайгашып, 40 миң адамга ылайыкташкан. Стадионго "Ахмад бин Али" аты берилди. Стадиондун ачылыш аземине Катардын шейхи Тамим бин Хамад Аль Тани, ФИФАнын президенти Жанни Инфантино, УЕФАнын президенти Александр Чеферин жана Азия Футбол Конфедерациясынын президенти Шейх Салман бин Ибрахим Аль Халифа катышкан.

Бул стадиондо 1/8 финалды кошкондо Дүйнө Чемпиондугунун жети оюну өтөт.

Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу 2022-жылдын 21-ноябрында башталып, 18-декабрында аяктайт. Чемпиондук Катардын 5 шаарындагы жалпы 8 стадиондо өтөт.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости