www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атамбаевдин доорунда УКМК жетекчиси Абдил Сегизбаевди, орун басары Болот Сүйүмбаевди Токтогул-Совет көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Ордо» имаратынын 8-кабатындагы ресторанында «Мантай» аттуу мурдагы бажычы кабыл алып сыйлоочу. Тамакты түрлөп жасатып, сулуу кыздарды «чарк» айланта бийлетип, көңүл ачтыруу үчүн миң түркүн оюн-зоок, тамашаларды кылып жүргөнүн Сегизбаев эми кантип танат?
Ушул жерде отурушуп кимдерди камакка алуу, жашыруун операцияларды түзүү, миллиондорду айландыруу пландары жүргөнүн Чокчолой баатырлар чоолуп чыгышты. Байлардын чөйрөсүндө эркелеген бул эргул кайсы бийлик келбесин, эң негизги таасирдүү адамдарды колго алып, алдыга дастаркон жайып, манталаңдап кызмат кылып, «килемдей төшөлүп» келген. Эмки УКМК «Мантайды» бир манталаңдатса көп маалымат бар, аны суракка чакырса суу жүрөк неме болгонун айтып берип, эмкки УКМКнын алдына «төшөлүп» бермек.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg