www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан Кыргызстанга мөмө-жемиштин 10 000 көчөтүн, 1000 тонна күздүк буудай жана 500 тонна «Султан» сортундагы пахта үрөнүн берет. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Кыргызстан менен Өзбекстандын Айыл чарба министрликтери айыл чарба жана азык-түлүк камсыздоо жаатында кызматташуу боюнча Практикалык чаралар планына («Жол картасына») кол койгон.

Аталган документке кол коюу президент Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 11-12-мартындагы Өзбекстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында ишке ашты.

«Жол картасында» айыл чарба продукциясын, анын ичинде картошка, үрөн ташуу, эки өлкө аймагында дан жана башка өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун тажрыйбалоо, каттоого алуу, Өзбекстандын жогорку окуу жайларында студенттерди мал чарбачылыгы багыты боюнча окутуу, ошондой эле илимий-иликтөө институттарынын базасында кызматташуу маселеси каралган», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, тараптар аянты 1000 чарчы метр келген күнөскана куруу, эт жана мал экспорттоо, этти иштетүүчү биргелешкен ишканаларга инвестиция тартуу мүмкүндүгүн талкуулаган.

Мындан сырткары, Кыргызстанга күнүнө 800-1000 тонна көлөмдө минералдык жер семирткичти үзгүлтүксүз ташуу боюнча макулдашуу болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости