www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Кечээ, 17-апрелде Өзбекстанда 33 миң 208 адам коронавируска каршы эмделди. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Муну менен Өзбекстанда жалпы 403 миң 136 адамга коронавируска каршы дары куюлду.

Кечээ, 17-апрелде Фергана облусунда эң көп адам эмделди. Ал жакта 4545 адамга дары куюлду. Андан кийин эң көп Кашкадарыя облусунда эмдөө жүргүзүлдү — 4350 адамды эмдөө жүрдү. Үчүнчү орунда Самарканд облусу турат, ал жакта 4344 киши эмделди.

Өлкөдө COVID-19га каршы эмдөө 1-апрелде башталган. Жарандарга «ZF-UZ-VAC2001»өзбек-кытай вакцинасы жана Европада чыгарылган «AstraZeneca» дарысы куюлууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости