www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда Алдыңкы технологиялар борборунун базасында адамдын жетиле элек клеткалары сактала турган банк түзүү пландалууда.

Мындай демилгени өлкөнүн Инновациялык өнүгүү министрлиги көтөрүп чыкты.
Маалыматтарга караганда, банк реестри өлкөдөгү профилдик медициналык мекемелерге анемия, онкология сыяктуу олуттуу оорулар менен жабыркаган бейтаптар үчүн жетиле элек клеткалардын үлгүлөрү бар - жоктугу тууралуу маалыматтарды берип турат.

Өлкөнүн Инновациялык өнүгүү министрлигинен билдиришкендей, лейкоз оорусу күчөп, адамдын баш мээси жабыркаган ар бир учурда анын жетиле элек клеткаларын алмаштыруу зарылдыгы келип чыгат.

«Адам үчүн жетиле элек клеткалардын альтернативдүу булагы болуп киндик кан эсептелет. Киндик кан наристе жарык дүйнөгө келгенден кийин алынат. Бул технология донордун баш мээсинин жетиле элек клеткаларын алуу процедурасына салыштырмалуу коопсуз жана көпчүлүк үчүн жеткиликтүү», — деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

Бүгүнкү күндө дүйнөдө киндик кандын жетиле элек клеткалары сакталган 170тен ашык банк иштейт. Аларда адамдын жеке өзүнүн же донорлордун жетиле элек клеткалары сакталат.

Булак: Багыт.kg

 

Последние новости