www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги Тарых музейин жана Чолпон - Атадагы ат майданын реконструкциялоо жөнүндөгү бириктирилген иштер боюнча соттук угуулар башталды.

Иш боюнча айыпталып жаткандар эки гана киши - КРнын аппаратынын эл аралык иштер бөлүмүнүн мурдагы башчысы Сапар Исаков жана президенттин аппаратынын жарандык өнүгүү, диний жана этникалык саясат бөлүмүнүн экс - башчысы Мира Карыбаева. Бирок алардын бири да бул боюнча келишимдерге кол коюшкан да, аны бекиткен да эмес.

Прокурор айыптоо актысын окуп, ага ылайык, 2011-жылдын 7-декабрынан тарта 2018-жылдын 20-апрелине чейин КРнын аппаратынын эл аралык тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын жана премьер - министрдин кызматтарын ээлеп турган учурда Сапар Исаков «мурдагы президентке жагынып, башка адамдар менен укукка каршы туруктуу байланыш түзгөн жана кызмат адамдарынын иш - аракеттерин уюштурган жана башкарып турган».

Бирок тергөө айыпталуучулар келишимден кандайдыр бир акча каражаттарын же башка материалдык пайда алганы боюнча бир да далил тапкан эмес. Бишкек ЖЭБди реконструкциялоо ишиндегидей эле бул жерде да алар кызматтарына таянып, фирмалардын кызыкчылыктарын «коргошкон» деп айтылган.

«Ал эмне болгон кызмат экен, мен эмне, Кыргызстандын президенттигине талапкер болуптурмунбу?», - дейт таң калган Мира Карыбекова. Баса, эмне үчүн соттолуучулар экөө эле деген суроо жаралат. Келишимди бекиткен Мамкурулуштун чиновниктери кайда? Жумушту аткаргандардын өзүлөрү кайда?

Алар өз алдынча соттолот окшобойбу, анткени баары «күнөөлөрүн моюнга алып», Сапар Исаков менен Мира Карыбаевга каршы көрсөтмө беришкен.

Кыязы, башка аргалары калбаганын түшүнүп, тергөө менен келишим бекитишкен. Соттолсок да азыраак мөөнөт аларбыз деген үмүтү бардай. Эгерде тергөө менен кызматташам десе, алтургай, Мира Карыбаеваны бошотуп да жиберишмек, бирок ал кесиптеши Сапар Исаковду сатпагандыктан, минтип айыпталуучу болуп сотто отурат.

«Эгерде подряддык уюмдарды тандоодо жана ишти жүргузүүдө кандайдыр бир бузууларга жол берилген болсо, анда бул биринчи кезекте келишимди бекиткен, ишти көзмөлдөгөн жана кабыл алган чиновниктердин жоопкерчилиги эмеспи, - дейт таң калган соттолуучулардын адвокаты НурбекТоктакунов.

-Баса, Тарых музейи боюнча кабыл алуу - өткөрүү актыларынын бир бөлүгүнө азыркы мезгилге чейин кол коюла элек, андыктан чыгашалардын так өлчөмүн аныктоо да мүмкүн эмес. Ал эми аткарылган иштерге акчаны өкмөт которуп берген. Баса, ошол 2017-жылы Сооронбай Жээнбеков премьер - министр болуп турган», - дейт адвокат.

Канткенде  да  айыптоо  угузулду. Эми сот процессинин катышуучу тараптары - айыптоочулар жана жактоочулар өз сөзүн айтмакчы. Соттолуучулардын жеке кызыкчылыкты көздөгөнү далилденбегени менен иште «коррупция» деген берене бар - чындыгында бул Кыргызстандын дүйнөлүк юридикалык практикасына киргизген жаңылыгы болуп калды.

Булак: Багыт.kg

 

Последние новости