www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстадын Борбордук банкы 2-ноябрдан тартып коммерциялык банктар аркылуу алтындын чен куймаларын жүгүртүүгө чыгара баштады.

Мекеме бул калктын инвестициялык жана сактык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ошондой эле баалуу металлдардын жүгүртүлүшүн өнүктүрүү максатында жасалып жатканын билдирди.

Маалыматка караганда, сатыкка 5,10,20 жана 50 граммдык 999,9 үлгүдөгү таза алтын чыгарылат.

Куймаларды сатуу жана сатып алуу баасы алтындын дүйнөлүк баасына жана Борбордук банк белгилеген маржа менен дисконтторго (жеңилдетүүлөр) жараша аныкталат.

Куймалар италиялык Certiline Srl компаниясы менен биргеликте иштелип чыккан атайын корголгон таңгактарда сатылат. Таңгактары бузулбаган куймаларды өлкө сыртына тоскоолдуксуз чыгарып кетүүгө уруксат берилет.

Быйыл сентябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жеке жактарга Борбордук банктын баалуу куймалары менен тыйындарын чектөөсүз чет өлкөлөргө алып чыгууга уруксат берген жарлыкка кол койгон.​

Булак: NazarNews.kg

Последние новости