www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Кыргызстан парламенттик башкаруу системасына өткөндөн бери өлкөдө эл менен бийликтин ортосундагы байланыш жоголду деп эсептейт. Мындай пикирин ал 3-ноябрда “Region” телеканалына курган маегинде айтты.

Сунуштала турган конституциялык реформа жөнүндө айтып жатып ал президенттик башкарууга өтүү жана курултай институтун киргизүү зарылдыгын белгиледи:

“2007-жылдан баштап партиялык система деди. Партиянын башына бир лидерди алып келет, калганынын баарын эл тааныбайт, алар акча менен келет, элди кабыл албайт да, эл менен бийликтин ортосундагы байланыш ажырап калды. Биз азыр партиялык башкаруу дегенден кетип, президенттик башкарууга барышыбыз керек деп жатам. Анан курултай институтун киргизип коёлу деп жатам. Курултай жылына бир жолу чогулуп, парламент менен президенттен отчет алып турсун деп жатабыз. 2010-жылы мен партиялык тизме менен шайлоого келдим. Үч партия коалиция түзүп, мамлекетти үчкө бөлүп алып, каалагандай калчадык. Эл, көрдүңүздөр, бир мандаттуу округдан шайлоо болсун деп жатат. Муну референдумга алып чыгып, чечебиз. Конституциялык кеңешме түзүлүп, балким, сунуштар болоттур. Балким, көпчүлүк кайра эле партиялык система болсун дейттир”.

Эске салсак, 4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгына нааразы партиялар тынч митингге чыгышкан. Акциядан кийин башаламандык башталып, өлкөдө бийлик алмашкан.

Белгилей кетсек, Боршайком парламенттик кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген, бирок парламент бул өнөктүктү конституциялык реформадан кийин уюштуруу тууралуу мыйзам кабыл алып, аны Жапаров колдогон. Ал эми мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январда өтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости