www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын бийлиги "улуттук менталитетке туура келбейт" деген жүйө менен 25-декабрга пландалган TikTok Fest аттуу фестивалды өткөрүүгө тыюу салды.

Өлкөнүн Маданият министрлиги тараткан билдирүүдө "фестиваль социалдык тармактарда сынга алынганы", "жаштардын аң сезимине туура келбеси" жана өзбек элинин "улуттук менталитетине каршы келери" жазылган.

Ташкент шаарында өткөрүү пландалган фестивалга орусиялык видеоблогерлер Даня Милохин, Артур Бабич, Егор Шип жана башкалар катышмак.

Өзбекстанда фестивалдарды өткөрүүгө уруксатты Ички иштер министрлиги жана жергиликтүү бийлик Маданият министрлиги менен кеңешип берет.

Буга чейин өзбек бийлиги саясий маселелерди көтөргөн жергиликтүү видеоблогерлерди сындап келген. Алардын айрымдарына видеолору үчүн айып пул салынып, алтургай административдик жазага тартылган учурлар да болгон.

Апрель айында Ташкент метросунда жасалма үйлөнүү той өткөргөндөрдү тарткан тиктокерлерге 980 миң өлчөмүндө айып пул салынган.

11-майда Алишер Навоинин эстелигинин жанында тартылган "Тик-Ток" үчүн Самарканддын эки тургуну 15 күнгө камалган.

Андан соң президент Шавкат Мирзиёев Навоинин эстелигинин жанында бийлеген тиктокерлерди сынга алып, бул үчүн жаза катаалдашарын эскерткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости