www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тарых музейине кирүү үчүн билет баасы канча сом?

Бишкек шаарындагы Улуттук тарых музейи 19-ноябрда ачылган. 29-ноябрга чейин музейге кирүү акысыз болду.

Музейдин директорунун милдетин аткарып жаткан Гүлбара Абдыкалыкова «АКИpress» агенттигине учурда музейге кирүү үчүн билет баасы канча сом болуп жатканын айтып берди.

Анын айтымында, чоңдор үчүн 150 сом, пенсионер жана студенттерге 70 сом, окуучуларга 50 сом каралган.

Билет баасына ар 30 мүнөт сайын өткөрүлө турган экскурсия дагы кирет. Экскурсия орус жана кыргыз тилдеринде жүргүзүлөт.

Музей бир жумада 6 күн, саат 10:00дөн 18:00гө чейин иштейт. Дүйшөмбү күнү — санитардык күн.

Экскурсиянын күн тартиби:

- 10:30-11:30 — кыргыз тилинде,

- 11:00- 12:00 — орус тилинде,

- 11:30-12:30 — кыргыз тилинде,

- 12:00-13:00 — кыргыз тилинде,

- 14:00-15:00 — орус тилинде,

- 14:30-15:30 — кыргыз тилинде,

- 15:00-16:00 — кыргыз тилинде,

- 15:30-16:30 — орус тилинде,

- 16:00-17:00 — кыргыз тилинде,

- 16:30-17:30 — кыргыз тилинде.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости