www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбор калаанын көчөлөрүндө жашы жете элек балдары менен тилемчилик кылган Өзбекстандын төрт жараны аныкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы берген маалыматта, эки баласы менен кыргызстандык бир аял дагы бар экени айтылат.
Анда белгиленгендей, шаар бийлиги кайыр сураган же оор эмгекке тартылган жашы жете элек балдарды аныктап, аларга жардам берүү үчүн шаар көчөлөрүн пландуу көзөмөлдөп турушат.
Бул ирет Биринчи Май районундагы тиешелүү органдардын кызматкерлери менен биргеликте атайын рейдге чыгышкан. Ал рейддин жүрүшүндө табылган беш бала «Айданек» өспүрүмдөр борборуна убактылуу жайгаштырылган. Ал эми жашы жете элек эки бала жана алардын апасынын өздүгүн тактаган документтер текшерилип, профилактикалык иштер жүргүзүлгөн соң үйүнө кайтарылган.
Ар бир ата-эне менен тилемчилик кылуунун жоопкерчилиги боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, кыйын кырдаалга туш болгон үй-бүлөгө социалдык жардам көрсөтүлгөнү белгиленет мэриянын “NazarNews.kg” маалымат агентигине берген маалыматында.
Белгилей кетсек, жашы жете элек балдарды эмгектин кайсы гана түрүнө болбосун пайдаланууга мыйзам жол бербейт! Ошондой эле КР Баш мыйзамына ылайык ата-эне балдарын тарбиялоого, багууга жана алардын коопсуздугуна жооптуу.
Булак: NazarNews.kg