www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Урматтуу Кыргыз элим! Бүгүн биз Мадумаров А.К, Келдибеков А.К. жана мен Ташиев К.К. Өзгөн району Аюу айылында болгон көчкүдөн жабыр тарткандардан кабар алып келдик. Ошол жерден байкаган бир нече маселелер боюнча сиздер менен бөлүшөйүн деп чечтим:
1.Айыл өкмөт башчысы жана ӨКМден башкармалыктын башчысынан башка эч бир мамлекеттик органдан жооптуу кызматкерлер жок. Аким, Өкмөттүн өкүлү, ӨКМ министр же булардын орун басарлары эч ким жок. Элди караган мамлекеттин жоопкерчиликтүү адамдары болгон жок.
2.Жабыркаган элге жылуу жумшак жата турган жай же болбосо ысык тамак аш, кийим кечек эч нерсе жок.
3.Тоолор жарылып, көчкү токтогон жок, бирок адамдар ошол көчкү менен аралашып эле жүрөт. Элдин коопсуздугун сактоого эч кандай чаралар көрүлгөн эмес.
4.Мыйзам чегинде күнөөлүү мамлекеттик жоопкерчиликтүү кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароону прокуратурага тапшыруу зарыл. Бул апаатын көп адамдардын өмүрүн алып кетиши кызмат адамдарынын шалаакылыгы экендиги көрүнүп турат.
5. Бир сөз менен айтканда муңканган элди кор кылышыптыр, аттин ай элим кор болуптур!
Сиздерди терең урматтом менен Камчыбек Ташиев.
Булак: NazarNews.kg