www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөн РИИБдин демилгеси менен Өзгөн шаарынын жана Куршаб айылынын жашоочуларына бекер бет каптар таркатылды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 

Өзгөн районунун аймагында коомдук тартипти, коопсуздукту камсыздоо жана коронавирус илдетинин жайылуусунун алдын алуу максатында Өзгөн РИИБдин кызматкерлери тейлеген административдик аймагында эл көп чогулган жерлерде, базарларда, соода түйүндөрдө жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте санитардык-эпидемиологиялык абал көзөмөлгө алынып, атайын дарылоочу мекемелерде (обсервация), ооруканаларда жугуштуу илдет менен ооруп жаткан атуулдарды кайтарууда, үй карантинине алынган жарандарга такай көзөмөл жүргүзүлүп, жашаган көчөлөрү залалсыздандырылып, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Атайын түзүлгөн мерчемдин жана багыттардын негизинде эрте мененки саат 07:00дөн, кечки саат 19:00гө чейин Өзгөн шаарынын аймагында жөө  жана авто кайгуулдар   уюштурулуп, Ош ОИИБдин милициянын кайгуул күзөт кызматынын өзгөчө батальонунун (МКККнын ӨБдин) милиционерлери, Ички коопсуздугунун аскерлеринин №703 аскер бөлүгүнүн жоокерлери  менен бирдикте Өзгөн РИИБнин кызматкерлери түнкү кайгуулга жөө жана авто кайгуул тобуна бөлүнүп, кылмыштуулуктун алдын алуу, болтурбоо, коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун сактоо максатында 7 багытта иш алып барышууда.

-Ар бир кызматка тартылган кызматкерлерге РИИБдин жетекчилиги тарабынан нускамалар өтүлүп, мыйзамдуулукту жана санитардык карантиндик эрежелерди так сактоосу боюнча эскертүүлөр берилүүдө.

- Андан сырткары Өзгөн РИИБдин демилгеси менен Өзгөн шаардык мэриясы, жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте райондун аймагындагы Куршаб айылына жана Өзгөн шаарына тургундарына 600 (алты жүз)  ашуун бет кап бекер таратылып, санитардык эрежелерди сактоосу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Райондук млекеттик администрациясы жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте эл арасында түшүндүрүү иштери алып барылууда.

Булак: NazarNews.org

Последние новости