www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ баштаган топ машыгууларын баштады, Түндүк Корея ядролук куралдануусун күчөттү.

Түндүк Корея, Корея жарым аралында машыгууга катышкан АКШнын бомбардир учактарынын аймакта «ядролук согуш коркунучун» туудурганын айтып чыкты.

Түндүк Кореянын тышкы иштер министрлиги, АКШ, Түштүк Корея жана Япония тарабынан жүргүзүлгөн машыгуу убагында АКШга таандык В-1В Lancer бомбардир учактарынын жарым аралда учуусунан кийин дароо жасаган жарыясында, АКШнын аймакты ядролук коркунучтун босогосуна алып келгенин алдыга койду.

Анда, Түндүк Кореяга карай санкцияларды көздөгөн АКШ саясатына каршы атомдук программага эң жогорку деңгээлде ылдамдык бериле турганы маалымдалды.

Бир тараптан Түштүк Кореянын Коргоо министрлигинин катчысы Мун Сан Гюн, талаштарды туудурган Сеонгжу кыштагына 26-апрелде курула баштаган АКШнын Аймактык жогорку бийиктикте абадан коргонуу (THAAD) системасынын эми иштегидей абалга келгенин маалымдады.

АКШ башкаруучулугунун акыркы мезгилде Түндүк Кореяны ядролук куралынан баш тарттыруу максатында эл аралык коомчулуктун колдоосу менен ал өлкөдөгү экономикалык жана дипломатиялык кысымды арттыруу багытында стратегияны жүргүзөт.

Булак; "trt.net.tr"

Последние новости