www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзүн-өзү баалабаган адам түгөйүн да бактысыз кылып, үй-бүлө мүчөлөрүнө психологиялык жактан зордук-зомбулук көрсөтөт. Бул тууралуу психология илимдеринин кандидаты, Москва мамлекеттик университетинин окутуучусу Лариса Овчаренко РИА Новости агенттигине берген маегинде айтты.

Адистин пикиринде, мындай кишилер жакын адамдарынын андан өйдө болушун эч качан каалабайт.

«Адатта булар абдан кызганчаак болот. Мындан улам өмүрлүк жарынын өсүп, андан өйдө болушун каалабайт. Ошол эле учурда өзү дагы алдыга жылууга аракет кылбайт. Сырттан карагандарга дайыма кыйналган, жабыркаган киши катары көрүнүп, бирок ичтен жакын адамдарын мите курттай жеп турат.

Мисалы, ал аял киши болсо кыштын күнү көчөдө кечигип жаткан жолдошун күтүп калды деп коёлу. Үшүбөй жакын жердеги кафе же дүкөнгө кирип жылынып, бир нерсеге алаксып турса болот. Бирок ал үшүгөнүн күйөөсүнө көрсөтүш үчүн көчөдө тура берет. Эртеси күнү ооруп калса андан жакшы, ал үчүн бул жеңиш», — деген адис.

Овчаренконун айтымында, эки адамдын ортосундагы мындай катаал мамилени жөнгө салуу үчүн өзүн баалабаган киши бактылуу болгонду үйрөнүшү керек.

«Адам жакшы жактарын өркүндөтүүгө аракет кылып, өзүн сүйүүгө үйрөнүшү керек. Анткени, ички гармониясы жок киши эч кимди бактылуу кыла албайт. Маңыздуу өмүр сүрөм деген адамдын ичинде «оту» күйүп турушу зарыл», — деди психолог.

Адис кошумчалагандай, өзүн баалабаган кишилер көпчүлүк учурда жабырлануучу катары көрүнүп, бирөөгө жүгүн артып жашай берүүгө көнүп калышат. Андыктан, экинчи тарап мындай туңгуюктан чыгууга аракет кылышы керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости