www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

№2 Үй-бүлөлүк медицина борборунун жана Ленин районундагы №1 Бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчилери кызматтан бошотулду. Бул маалыматты АКИpress агенттигине Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев тастыктады.

Анын айтымында, алар жараксыз болуп калган «Спутник V» вакцинасына байланыштуу окуядан улам жумуштан бошотулган.

Апрель айында муздаткыч иштебей калгандыктан, Бишкек шаарынын №2 Үй-бүлөлүк медицина борборунда «Спутник V» вакцинасынын миңге жакын дозасы жарабай калган. Бул окуя үчүн аталаган борбордун 5 кызматкерине сөгүш берилди.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкектеги №2 Үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчилиги келтирилген зыянды төлөп берүүгө милдеттендирилиши мүмкүн деп билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости