www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Пакистандын аскердик учагы коронавируска каршы вакцинанын алгачкы партиясын алып келүү үчүн Кытайга учуп кетти.
Маалыматка караганда, учак Пакистанга "SinoPharm" вакцинасынын 500 миң дозасын жеткирет деп күтүлүүдө. Буга чейин Бээжин Исламабадга да ушул эле көлөмдө вакцина берүүнү убада кылган.
Пакистанда кытай вакцинасы менен биринчи кезекте медицина кызматкерлери эмделет. Бүгүнкү күнгө карата өлкөдө 400 миң медик эмдөөгө жазылган.
30-январда Пакистандын Саламаттык сактоо министрлиги өлкө "COVAX" эл аралык программасынын алкагында британ-швед фармацевтикалык компаниясынын өндүрүшүндөгү "AstraZeneca" вакцинасынан да 17 миллион доза аларын билдирген.
Пакистандын Дары-дармек каражаттарын көзөмөлдөө башкармалыгы (DRAP) буга чейин өлкө аймагында колдонуу үчүн "SinoPharm", "AstraZeneca" жана орусиялык "Спутник V" вакциналарын жактырган.
"Gallup Pakistan" уюму жакында жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыктарына ылайык, пакистандыктардын дээрлик жарымы эмдөөдөн баш тартышы мүмкүн. Алардын көбү коронавирус тууралуу апыртылган маалыматтар берилип жатат деп эсептейт.
Бүгүнкү күндө Пакистанда COVID-19 илдетин жугузуп алгандар 544 813кө жетип, 11 657 бейтап каза болду.
Булак: NazarNews.kg