www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пакистан кийинки айда бул өлкөдө расмий каттоого турган 850 миң ооганстандык качкынды мекенине мажбурлап жөнөтмөй болуп жатканын бүгүн 20-мартта жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жазышты.

Аларга өз эрки менен чыгып кетүү сунушталганы, эгер макул болушпаса, мажбурлоо чарасы көрүлөрү, өнөктүк 15-апрелде башталары маалымдалды.

«Пакистан өкмөтү берген күбөлүгү барларга өлкөдөн чыгуу сунушталат. Андан соң алар камакка алынып, депортацияланат», - деп айтылды маалыматта.

Расмий Исламабаддын билдиришинче, Пакистанда 3 миллионго жакын ооганстандык бар, уруксат документи алардын баарына эле берилген эмес. Былтыркы жылдын октябрынан бери 500 миңдей ооганстандык мекенине жөнөтүлгөн. Ооган жарандары коңшу өлкөгө мекениндеги ондогон жылдардан берки согуштун, туруксуздуктун, кооптуу жашоонун айынан көчүп барышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости