www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пакистандын жаңы парламенти 72 жаштагы саясатчы Шахбаз Шарифти экинчи мөөнөтүнө премьер-министр кылып шайлады. Ал жекшембидеги добуш берүүдө камакта жаткан мурдагы премьер-министр Имран Хан колдогон атаандашы Омар Аюбду жеңип чыкты.

Расмий жыйынтыкка ылайык, Шариф 201 эл өкүлүнүн добушуна ээ болду. Премьер-министр болуп шайлануу үчүн ага 169 добуш жетиштүү болчу. Аюбга 92 депутаттын добушу тийди.

Пакистанда парламенттик шайлоо 8-февралда өткөн. Бул шайлоо добуштар бурмаланганы жана добуш берүүчүлөр коркутуп-үркүтүүгө туш болгону тууралуу айыптоолор менен коштолгон.

Шайлоонун жыйынтыгында мурдагы премьер-министр Имран Хандын «Техрик-и Инсаф» партиясы колдогон көз карандысыз талапкерлер парламентте көпчүлүк орунга ээ болушкан, Шахбаз Шарифтин "Пакистандын мусулмандар лигасы" марага экинчи болуп келген. Буга карабастан Шарифтин партиясы "Пакистан эл партиясы" менен коалициялык өкмөт түзө алды.

Узак жылдардан бери бири-бирин менен атаандаш көргөн "Пакистандын мусулмандар лигасы" жана "Пакистан эл партиясы" 2022-жылы күчүн бириктирип, ошол кездеги премьер-министр, мурдагы крикет жылдызы Имран Ханды кызматтан кетиришкен. Анын ордуна Шахбаз Шариф премьер-министр болуп шайланып, былтыр август айында парламент таратылганга чейин өкмөттү башкарып турду. Андан бери Пакистанда техникалык өкмөт иштеп келген.

Экинчи премьер-министрлик мөөнөтүнө шайланган Шахбаз Шариф мурдагы өкмөт башчы Наваз Шарифтин иниси. Наваз Шариф төртүнчү жолу премьер-министрликке ат салышуудан баш тартып, коалициялык өкмөттү жетектегиси келбей турганын айткан.

71 жаштагы мурдагы премьер-министр Имран Ханга коррупциядан тартып, мыйзамсыз үйлөнгөн деген бир нече айып тагылган. Ал ондогон жылга түрмөгө кесилген. Экс-премьер ал иштердин артында саясат турганын айтууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости