www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пакистандын түштүк-батышындагы Белужистан провинциясында жолго катылган бомба жарылып, андан Карачиде урду тилинде кабар тараткан "Метро Ньюз 1" телеканалынын журналисти Шахид Зехри мерт болду.

Анын кесиптештеринин жана расмий жетекчилердин айтымында, бомба 35 жаштагы Зехри досу менен кошо Пакистандын түндүк-батышындагы Карачи шаарына автоунаа менен бара жаткан учурда жарылган. Бул окуя үчүн жоопкерчилик чөлкөмдөгү жикчил кыймыл топ катары мүнөздөлгөн "Белужистандын боштондук армиясы" алды.

Жардырууну улай Журналисттердин эл аралык бирлиги жана Пакистандагы журналисттердин федералдык биримдиги чогуу билдирүү таратып, өкмөттү маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн бутага алган адамдарды жоопко тартууга чакырышты.

Быйыл 7-июлда белужистандык журналист Анвар Жан Катран да Баркан аймагында киши колдуу болгон. Журналисттердин эл аралык бирлигинин маалыматына ылайык, 2020-2021-жылдары Пакистандагы бул сыяктуу чабуулдардан тогуз журналист каза тапкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости