www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Пакистандын Кабала шаарындагы антитеррордук департаменттин полиция бөлүмүндө болгон жардыруулардан кеминде 16 полиция кызматкери набыт болуп, 60тан ашуун киши жарадар болгонун полицияга таянуу менен Пакистан радиосу билдирди.
«Эки жардыруудан 16 адам шейит болду, дагы 60 киши жарадар болду», - деп билдирет радиостанция.
Белгиленгендей, жардыруулардын натыйжасында полиция бөлүмүнүн имараты толугу менен талкаланган.
Полициянын маалыматы боюнча, имараттын ичинде ок-дарылар жана минометтор болгон. Тартип сакчылары жарылуу электр тармагындагы кыска туташуудан улам болуп, өрт чыгып, андан кийинки жарылуулар болгон деп эсептешет. Ошондой эле кол салууну жанкечти жасаганы болжолдонууда.
Хайбер-Пахтунхва провинциянын башкы инспектору Ахтар Хаят Хан бардык аймакта коопсуздук кызматкерлери күчөтүлгөн режимге өткөнүн билдирди.
Саламаттыкты сактоо департаменти жабырлануучулардын көптүгүнө байланыштуу облустун ооруканаларында өзгөчө кырдаал жарыялады.
Булак: NazarNews.kg