www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги Палестина бийлиги АКШ жана Евробиримдик террордук топ деп тааныган ХАМАС тобун Газа тилкесиндеги согуштун уланышына жооптуу деп атады.

"Израилдин Газа тилкесинде жүргүзүп жаткан согушу үчүн укуктук, саясий жана моралдык жоопкерчиликтин бир бөлүгү ХАМАСтын мойнунда. Биз ХАМАСты эң жогорку улуттук кызыкчылыктарды биринчи орунга коюуга жана баскынчыл бийликке кыргынды улантуу үчүн башка себеп бербөөгө чакырабыз", - деп айтылат Махмуд Аббастын администрациясынын билдирүүсүндө.

Хамастын билдирүүсү Израилдин коргонуу күчтөрү Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан-Юнис аймагында сокку жасагандан кийин жарыяланды.

Абадан урулган соккудан каза болгон кеминде 90 кишинин жарымы аялдар жана балдар экени, мындан тышкары дагы 300дөй палестин жараат алганы маалымдалды.

Израил өкүлү бул чабуулу “хамасчылар гана топтолгон, жай тургундар жок, ачык жерге” урулганын, максаты ХАМАСтын (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) башчыларынын бири Мохаммед Дейфти жана Хан-Юнистеги бригада командири Рафа Саламаны жок кылуу болгонун, алар жай тургундар арасында жашынууга аракет кылганын, бирок сокку чалгын маалыматтын негизинде так урулганын билдирди.

Израилдин ишемби күнкү операциясы Газада согуш башталгандан берки эң кандуу күндөрдүн бири болуп калды.

ХАМАС өзү командирлери жок кылынганы тууралуу билдирүүлөрдү четке кагып, чабуул алдында жайкын тургундар гана калганын, Израил “кол салуусунун чыныгы масштабын жашыруу аракетинде” туура эмес маалымат таратып жатканын айтты.

Последние новости