www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Париждеги маданий борбордун жанында үч күрддү атып салган франциялык пенсионер психиатриялык ооруканага жөнөтүлдү. Анын ден соолугунун абалы тергөө абагында калууга мүмкүндүк бербейт, деп билдирет ТАСС.

69 жаштагы киши Париж префектурасындагы психиатриялык ооруканага жөнөтүлдү. Анын психикалык абалы жакшырганга чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы жокко чыгарылды.

Париждин прокуратурасы тергөө уланып жатканын белгиледи. Кылмыш иши “Адам өлтүрүү”, “Атайылап кылмыш” жана “Ооруртуучу жагдайлар менен зомбулук көрсөтүү” беренелери боюнча козголду.

Эскерте кетсек, жума күнү, 23-декабрда Париждин борборундагы атышуудан үч адам набыт болгон. Ал эми ишембиде миңдеген күрттөр Париждеги Республика аянтына нааразылык акциясына чыгышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости