www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
10-январда өтө турган референдумга үгүттөө үчүн 10 өтүнүч келип түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 5 топ президенттик башкарууга «макул», бирөө каршы, парламенттик өлкөнү колдоого 2 үгүт тобу, баарына каршы — 2 үгүт тобу катталды.
Ал эми парламенттин башкарууну колдоого Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жана жаш активист Темирлан Султанбеков үгүт жүргүзөт.
Бакытбек Калмаматов президенттикке каршы топту жетектейт.
Жарандык активист Рита Карасартова менен Шабдан уулу Чынарбек баарына каршы үгүт жүргүзөт.
Ошондой эле президенттик башкарууга добуш берүүгө Коррупцияга каршы ишкерлик кеңештин жетекчиси Нурипа Муканова, Марс Токтоназаров, Тилек Саликеев, Бибинур Бектурова жана юрист Медер Алиев баштаган топтор чакырат.
Эскерте кетсек, Нурипа Муканова Садыр Жапаровдун чечимдерин колдогон билдирүүлөрдү жарыялап келет. Юрист Медер Алиев болсо конституциялык кеңешменин мүчөсү.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg