www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Эл парламенттик башкарууну колдогону менен президенттен көз каранды боло берет», - дейт эск-депутат Надира Нарматова.

«Кыргызстан 30 жылдын аралыгында эмнелерди гана башынан өткөргөн жок. Башка өлкөлөргө караганда, биз бул жылдар аралыгында үч жолу төңкөрүш жасадык. Кыргыз эли өзү эркиндикти сүйгөн калк болгондуктан, Батыштан бир топ эле таасирленип калсак керек.

Биз президенттик башкарууну да парламенттик башкарууну да көрдүк. Парламенттик башкаруу деп алып эле өзүбүз президенттик башкарууну күчтөндүрүп аралаш башкарууда жашап калдык.

Парламенттик башкаруу болгон мезгилде деле бир башкаруучудан көз каранды болуп, президентке карап моюн созо берет экенбиз. Бул биздин менталитетибизден да көз каранды окшойт», - дейт ал.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости